Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

ШКУ өлкөлөрүнүн маданият министрлери Кыргызстанга чогулду


ШКУнун курамындагы мамлекеттердин желектери.
ШКУнун курамындагы мамлекеттердин желектери.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин маданият министрлери Кыргызстанга чогулду. Алар 15-майда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы «Жанат» отелинде жыйын куруп, 2021-жылы «Silk Road» фестивалын каерде өткөрүш керек экенин талкуулашат. Аталган фестиваль Жибек жолу мамлекеттеринин маданиятын жана салтын даңазалайт.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, министрлер маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да сүйлөшүп, бекемдешмекчи.

Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылат. Ушул күндөрү уюмдун курамындагы мамлекеттердин кызматташтыгына арналган иш-чаралар башталды. Ал эми президенттердин жыйыны 13-14-июнда өтөт.

ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия уюмдун ишине байкоочулук кылышат. (SE)

XS
SM
MD
LG