Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Өзбекстан жогорку окуу жайларына тапшыруунун жаңы тартибин бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Өзбекстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алууда жаңы эрежелер киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жогорку окуу жайларына тапшырыш үчүн тесттер июль-август айларында өтөт. Жыйынтыктар сынактын эртеси эле жарыяланат.

Мындан тышкары өзбекстандык абитуриенттер бир эле учурда дароо үч жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жогорку окуу жайына тапшырыш үчүн документтер мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору же Интерактивдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү портал аркылуу кабыл алынат.

Жогорку окуу жайларына экинчи жолу же мектепти бүткөндөн кийинки жылдары тапшыргандар минималдык айлык акынын жарымын – дээрлик 12 доллар төлөшөт.

Жаңы токтомго ылайык, 2020-жылы өзбекстандык абитуриенттер мурдагыдай үч эмес, беш сабактан тест тапшырышат.

XS
SM
MD
LG