Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

«Eurovision-2019»: биринчи жарым финалдын жеңүүчүлөрү аныкталды


«Eurovision-2019» сынагына Беларустан катышып жаткан ZENA.
«Eurovision-2019» сынагына Беларустан катышып жаткан ZENA.

Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашынын биринчи жарым финалы 14-майда өтүп, финалга он мамлекет жолдомо алды.

Алар: Грекия, Беларус, Сербия, Кипр, Эстони, Чехия, Австралия, Исландия, Сан-Марино жана Словения. Ал эми Монтенегро, Финляндия, Польша, Венгрия, Белгия, Грузия, Португалия өтпөй калды.

Экинчи жарым финал 16-майда болот. Анда 18 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Финал 18-майда өтөт.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө болот. Былтыр Португалиядагы сынакта израилдик Нетта уткан.

Эрежеге ылайык, шоуну өткөрүп жаткан мамлекеттин жана Европа телерадиоберүү бирикмеси түзгөн беш өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгышат.

​Израилдин маалымат каражаттары Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашты. Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.

Быйылкы сынак «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG