Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Кыргызстанда «Сабаттуу бол» акциясы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-майда Кыргызстанда «Сабаттуу бол» акциясы башталды. Ага республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, окуу жайларынын, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана каалоочулар катыша алат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Акция жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, китеп окууга, туура жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөйт. Жат жазуунун тексттери катышуучуларга алдын-ала берилбейт.

Текст үч жолу угузулат. Биринчиси - тексттин маанисин түшүнүш үчүн, экинчиси - жазуу үчүн, үчүнчүсү - каталарды оңдоо жана пунктуациялык белгилерди коюу үчүн.

Жат жазууну белгилүү инсандар окуйт. Жат жазуу башталар алдында конвертке салынган бир нече тексттин ичинен тандалып алынат.

Бишкектеги акция Хусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде болот.

Аймактарда акцияны облустук администрациялар жана шаарлардын мэриялары өткөрөт. Жыйынтыгын алар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 27-майга чейин берет.

Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду. (ZA)

XS
SM
MD
LG