Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Кытай түрмөсүнөн эки кыргызстандык алынып келди


Кытай полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылгандай, 15-май күнү Кытайдан ал жактагы түрмөдө көптөн бери отурган эки кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келди.

Аларды Кытайдын Жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Маалыматта алардын Кытайда түрмөгө кантип түшүп калганы айтылган эмес.

Кыргызстандык жарандарды которуу жөнүндө келишим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана Бээжиндеги элчиликтин Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашырылган. Жакынкы күндөрү дагы бир кыргызстандык жаранды которуу пландалган.

Ушу тапта Кытайдын түрмөлөрүндө кыргызстандык 17 жаран кармалып турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG