Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча ишти кароо уланууда. Соттук ишти видеого тартууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Соттун жүрүшүндө Айбек Калиевдин адвокаты судья Инара Гилязетдиновага ишеним көргөзгөн жок. Мунун алдында жактоочу Бактыбек Жумашев Калиев мурда сатып жиберген батирди камоого алган чечимди жокко чыгарууну соттон суранган.
Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча коррупция үчүн айыпталгандарды камакта калтырууну чечкен. Адвокаттар эми Жогорку сотко кайрыларын айтышкан.
Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.
Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат. (КЕ)