Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Динара Сагынбаева камакка алынды


Динара Сагынбаева.
Динара Сагынбаева.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан бошотулушу боюнча суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка ылайык, Сагынбаева Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG