Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ошто 27 жылда 30дай милиционер кызмат учурунда курман болгон


Күжүрмөн милиционерлерге орнотулган эстелик. Бишкек шаары. 15-май, 2019-жыл.
Күжүрмөн милиционерлерге орнотулган эстелик. Бишкек шаары. 15-май, 2019-жыл.

15-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерин эскерди. Иш-чара маркумдардын айкелдерине гүлчамбар коюу менен башталып, алардын арбактарына багышталып куран окулду.

- Кыргыз милициясынын тарыхында алардын ысымдары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып, көчөлөргө, мектептерге коюлуп жана алар жөнүндө китептер жазылып, документалдуу фильмдер тартылган. Алардын аты - биздин келечек муун үчүн сыймыктуу үлгү! - деди облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов.

Облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, 1991-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин саны 30га жеткен.

Кызмат учурунда курман болгон милиционерлерди эскерүү бүгүн өлкөнүн башка облустарында, шаарларында да болуп өттү. Эскерүү күнү 2016-жылдан бери, жыл сайын 15-майда өтөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG