Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

HRW Иран бийлигин активисттерди бошотууга чакырды


“Human Rights Watch” укук коргоо уюму Иран бийлигин активисттерди жана журналисттерди абактан чыгарууга чакырды.

«Фарда» радиосунун маалыматы боюнча, 1-майда парламенттин алдында өткөн митинг маалында кеминде 35 демонстрант камакка алынган, алардын ичинен бери дегенде сегизи активист жана журналист. Демонстранттар жашоо шарттарына, баалардын кескин өсүшүнө нааразылыгын билдирип, эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышкан.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм Иран бийлигин активисттердин тынч митинг өткөрүү укугун бузбоого үндөдү.

Айрым адамдар көп өтпөй бошотулганы менен, бери дегенде алты адам Тегерандагы Эвин түрмөсүндө отурушат.

XS
SM
MD
LG