Баткен шаарында 3 күндүк эл аралык «Жаш таланттар достугу» фестивалы башталды. Иш-чарага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жаш таланттары катышып, өз өнөрлөрүн Баткен шаарынын тургундарына тартуулап жатышат.
Аталган фестивал Борбор Азияда улут аралык достукту бекемдөөгө багытталган.
Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык фесивалга былтыр Өзбекстандан эле жаш таланттар келген болсо, быйыл Тажикстан менен Казакстандан да өкүлдөрү чакырылган. Жалпысынан төрт өлкөнүн 120 баласы таланттарын тартуулап жатышат.
Иш-чара ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулууда. (JsA)