Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

ТИМ: ооз ачардагы окуя кыргыз-түрк мамилесине таасир этпейт


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муфтият уюштурган ооз ачардагы окуяга комментарий берди. Башкы дипломатиялык мекеменин билдирүүсүндө Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачуудан кетиши «жеке мүнөзгө ээ» экени белгиленген. Ошол себептүү бул окуя эки өлкөнүн мамилесине таасир тийгизбей турганы айтылат.

«Акыркы жылдары мамлекет башчыларынын аракети менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданды жана сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты. Көп пландуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүш үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Элчинин катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», - деп жазылган ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп ресторандан кетип калган.

Маалыматтарга караганда, муфтияттын 8-майдагы ооз ачыруу дасторконуна Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер чакырылган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксой 14-майда окуяга комментарий берип, муфтият уюштурган ооз ачарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ/FETO (Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт – ред.) башчыларынын чакырылганы алгылыксыз экени белгиленген. Ошол эле учурда элчинин кадамы туура болгону айтылган.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG