Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Мелис Калыковдун арызы боюнча сот 16-майга жылдырылды


Анарбай Мамажакыпов менен акыркы жолу сүрөткө түшкөндөр.
Анарбай Мамажакыпов менен акыркы жолу сүрөткө түшкөндөр.

Баткен облустук прокурорунун өлүмү үчүн шектүү катары камакка алынган Мелис Калыковдун арызы боюнча соттук териштирүү 15-майда Кара-Суу райондук сотунда каралмак. Бирок даттануучунун сотко жеткирилбегенине байланыштуу сот 16-майга жылды. Бул тууралуу Мелис Калыковдун адвокаты Асылбек Кунгуров «Азаттыкка» билдирди.

Мелис Калыков тергөөнүн ишине канааттанбай, аны сотко берген. Ош шаардык сотунда судьялар жетишсиз болгондуктан, сот иши Кара-Суу шаардык сотунда каралууда.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. Анын үстүнөн соттук териштирүү Ош шаардык сотунда жүрүп жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG