Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

АКШ айрым мамкызматкерлерине Ирактан чыгып кетүүнү буйруду


АКШнын Багдаддагы элчилиги. 2011-жылы тартылган сүрөт.
АКШнын Багдаддагы элчилиги. 2011-жылы тартылган сүрөт.

Мамлекеттик департамент Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуунун курчушунан улам эң зарыл иштерди аткаргандардан башка мамлекеттик кызматкерлерге Ирактан чыгып кетүүнү буйруду. Бул тууралуу 15-майда Кошмо Штаттардын Багдаддагы элчилиги атайын билдирүү таркатты. Анда бул буйрук элчиликтин, өлкө түндүгүндөгү Эрбил шаарындагы АКШнын консулдугунун кызматкерлерине караштуу экени айтылган.

«Эки мекемеде тең виза кызматтары убактылуу токтотулат. АКШ өкмөтүнүн Ирактагы америкалык жарандарга шашылыш жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү», деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин, 12-майда Багдаддагы элчилик АКШ жарандарына Иракка барбоого кеңеш берген. Элчилик муну өлкөдөгү «чыңалган кырдаал» менен түшүндүргөн. Бирок кандай коркунучтар бар экенин билдирген эмес.

Өткөн аптада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Багдадга күтүүсүздөн барып, Ирактын расмий өкүлдөрү менен Иран-АКШ мамилелерин талкуулаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG