Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

ШКУда дүйнөлүк антитеррордук фронт түзүү сунушталды


Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

15-майда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны өттү. Жыйындагы талкууга журналисттер киргизилген жок. Чогулуштан кийин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев талкууланган маселелер боюнча маалымат берди. Анын айтымында, жыйында глобалдык бирдиктүү бүткүл дүйнөлүк антитеррордук фронт түзүш керек экени белгиленди.

- Тараптар дүйнөдө туруксуздуктун фактору күчөп жатканын белгилешти, - деди ал. - Бир катар аймактарда чыр-чатактар күч ала турган кооптуу жагдайлар күчөп жатат. Чогулгандар терроризмдин бардык түрүн айыпташты. Бириккен Улуттар Уюмунун координациясы астында бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү антитеррордук фронт түзүүнүн маанилүү экендиги белгиленди. Ал эл аралык укуктун негизинде саясатсыз жана кош стандартсыз болушу керек.

Ошондой эле жаңы түзүлө турган фронт экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеши керек экени айтылган. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

2019-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргызстан төрагалык кылып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG