Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Ооганстанда 2018-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды


Ооган аялдары шайлоо учурунда. 27-октябрь, 2018-жыл.
Ооган аялдары шайлоо учурунда. 27-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстанда 2018-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жети ай өткөндөн кийин расмий жарыяланды.

Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы Кабул облусунда 24 эркек, 9 аял парламенттин төмөнкү палатасына өткөнүн билдирди.

Былтыр 20-октябрда ооганстандыктар парламенттин төмөнкү палатасын шайлашкан. Баштапкы жыйынтыктар январда жарыяланган. Бирок толук жыйынтык чыкканга чейин эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жумуштан алынып, ордуна башкалар келген.

Шайлоо комиссиясындагылар добуш берүү учурундагы кемчиликтер үчүн кескин сынга кабылган. Маалыматтарга караганда, айрым аймактарда шайлоого жооптуу кызматкерлер добушканаларга келбей коюшкан. Кээ бир жерлерде шайлоо материалдары жетпей калган.

Ооганстанда быйыл 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG