«Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео аркылуу кайрылганы чоң катачылык болду». Коомдук активист Эдил Байсалов 15-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсүндө ушундай пикирин билдирди:
- Андай кайрылуу менен чыкканы туура эмес. Ал Атамбаевге эле кайрылбай, бүт элге сүйлөп, «бизге Кудай берип жатат, Кара-Сууну кандай жетектесек, эртең эле Кыргызстанды ушундай бийлейбиз» деп жатат. Андай колуңуздан келбейт, урматтуу Райымбек. Андайга биз уруксат бербейбиз.
13-майда Райымбек Матраимов Интернеттен видео кайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаев аны жөн жерден каралап жатканын билдирген жана Атамбаевге каршы күрөшүүгө алы жетерин айткан.
Кийинки убакта Райымбек Матраимовдун байлыгы суроо жаратып, коррупцияга байланыштуу коомчулукта ага сын күчөгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жыл аягында Матраимовдун байлыгын текшерүүнү тапшырган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) эмгиче анын аягына чыга элек. (SE)
Эдил Байсалов катышкан «Ыңгайсыз суроолор»: