«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин мүлкүн текшерип, суракка алуу - коррупцияга каршы күрөш эмес». Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 15-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсүндө ушундай пикир айтты:
«Эгер «сен мыйзамсыз байыдың» дей турган болсо, парламентте 6-7 депутат, өкмөттө 3-4 эле адам калышы мүмкүн. Дамир Мусакеевге коюулуп жаткан айып коррупцияга каршы күрөш эмес».
8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.
Дамир Мусакеев муну куру доомат деп, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн.
Рыскелди Момбеков катышкан «Ыңгайсыз суроолор»: