Орусиялык коомдук ишмер Ирина Хакамаданын Ташкентте лекция окушуна тыюу салынды. Бул тууралуу «Регнум» маалымат агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, Хакамаданын 11-майда башталышы керек болгон лекциялары кеңири жарнамаланып, билеттердин баары сатылган.
«Өзбекстандын бийлиги чет өлкөлүк спикерлерден дайыма лекциясынын толук текстин талап кылат. Бирок көбүндө лекция болбойт, алар адамдар менен эч кандай текст жок эле сүйлөшүшөт», - деп билдирди агенттиктин бул окуя менен жакындан тааныш маалымат булагы.
Ирина Хакамада 1999-жылдан 2003-жылга чейин Орусиянын парламентинде депутат жана «Оңчул күчтөрдүн биримдиги» саясий партиясынын теңтөрайымы болгон. 2004-жылы Орусиядагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. 2012-жылдан 2018-жылга чейин президентке караштуу Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болгон.