Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Түркмөнстанда актерго сакал коюуга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык түйүндөргө түркмөн актеру Анна Меляевге сакал жана мурут өстүрүүгө уруксат берген «Түркмөнфильм» бирикмесинин каты жарыяланды.

Киностудиянын жетекчилиги билдиргендей, «Түркмөнфильм» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «Түркмөнстан — Улуу Жибек жолунун жүрөгү» деген китебинин негизинде тарыхый көркөм тасма тартып жатат.

«Тасмада тарыхый эпизоддор бар. Буга байланыштуу башкы каармандын ролун аткарган Анна Меляевге фильм тартылып бүткөнчө сакал жана мурут өстүрүп жүрүүгө уруксат берилет», — деп жазылган киностудиянын катында.

​Түркмөн бийлиги эркектер диний экстремизм үчүн айыпталып калышы мүмкүн экенин эскертип, аларга сакал өстүрбөөнү сунуш кылат.

Түркмөнстандын коңшулары болуп эсептелген Тажикстан менен Өзбекстанда да сакал коюп жүрүүгө чектөөлөр бар. 2016-жылы тажик милициясы күчкө салып 13 миңге жакын адамдын сакалын алган.

XS
SM
MD
LG