Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:33

Газа тилкеси менен Израилдин чегинде 50 палестиналык жарадар болду


Газа тилкесинде нааразылык акциясына чыккандар.
Газа тилкесинде нааразылык акциясына чыккандар.

Израил мамлекетинин негизделишинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акцияларынын убагында Газа тилкеси менен чектеш жерде 50гө жакын палестиналык жарадар болду. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.

Израилдин Коргонуу армиясынын маалыматына караганда, нааразылык акцияларына 10 миңге жакын киши катышууда.

«15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израил аскерлерин көздөй таш ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер жооп катары согуштук жана желим октор менен атып, көздөн жаш агызчу газ колдонушту. Израилдин Коргонуу армиясы анын операциясы коргонуу мүнөзүнө ээ болгонун билдирүүдө», - деп жазды «Reuters».

Мындан тышкары палестиналыктар Батыш жээкте дагы бир нече нааразылык акцияларын өткөргөнү кабарланууда. Ал аймакта израил аскерлери менен олуттуу кагылышуулар болгону тууралуу маалыматтар жок.

Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын жаракаттары тууралуу так маалымат тарата элек.

Израил менен Палестина автономиясынын ортосундагы жаңжал быйыл майдын башында кайрадан курчуган. Анда палестин көзгө атары эки израил аскерин жарадар кылган. Жооп катары Израилдин аба күчтөрү ХАМАСтын позицияларына чабуул коюп, эки палестиналык каза болгон. Андан соң Газа тилкесинен Израилди көздөй жүздөгөн ракета учурулуп, төрт израилдик мерт болуп, ондогон киши жарадар болгон. Израилдин соккуларынын жыйынтыгында 20дай палестиналык мерт болгон. Арасында аскерлештирилген топтордун мүчөлөрү менен катар жай тургундар дагы болгон. Жалпысынан ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун 300дөн ашык объектисине сокку урулган.

1948-жылы май айында айрым араб өлкөлөрү Израил мамлекетинин түзүлгөндүгү тууралуу БУУнун чечими менен макул болбой, Израилдин Куралдуу күчтөрүнө каршы аскердик операцияларды башташкан. Израил чабуулдун мизин кайтарып, араб аймактарынын бир бөлүгүн басып алган. Аскердик аракеттердин жүрүшүндө араб калкы Израилдин карамагына өткөн аймактардан жапырт чыгып кете баштаган.

Түрдүү маалыматтар боюнча палестин качкындарынын саны 600 миңге чейин жеткен. Кийин бул окуялар араб дүйнөсүндө «Накба» деген аталышка ээ болгон. 1949-жылы согуш аяктагандан кийин 800 миңден ашык еврей араб өлкөлөрүнөн Израилге жана башка өлкөлөргө качкан.

XS
SM
MD
LG