Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Атамбаев доо койгон юристтер соттон утуп алды


Коллаж.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча Жогорку сот чечим чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылы 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.

Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG