Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Жалал-Абадда республикалык спартакиада башталды


Спартакиаданын катышуучулары.
Спартакиаданын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарында спорт мектептеринин окуучуларынын арасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча «Келечек» республикалык спартакиадасы башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорттук оюндардын ачылышы 15-майдын кечинде «Курманбек» атындагы борбордук стадиондо өттү.

- Уюштурулуп жаткан олимпиада республикабыздын түрдүү облустарынан келген окуучулардын ынтымагын чыңдоо менен бирдикте чоң ийгиликтерди жаратууга өбөлгө болот деп ойлойм. Силер өлкөнү дүйнөгө спорттогу ийгилигиңер аркылуу тааныта аласыңар, - деди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Ислам Масабиров.

15-20-май күндөрү өтө турган спартакиадага бардык облустардан келген 1400гө чукул спортчу катышты. Өспүрүмдөр спорттун тогуз түрү (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, волейбол, баскетбол, футбол, жеңил жана оор атлетика, бокс, дзюдо) боюнча күч сынашат. (RsK)

XS
SM
MD
LG