Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

«КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басары кызматтан кетти


Эрназар Рысалиев.

«КТ Мобайл» ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты ал «Азаттыкка» өзү ырастап, иштен кетүү тууралуу арыз жазганын айтты. Ал бул маселе абдан саясатташып кеткенин белгилеп, өздөрү жараткан долбоорду аягына чыгарыш үчүн бекер иштеп бере турганын кошумчалады:

- «КТ Мобайлдын» жамааты азыр акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Азыр «Мегаком» менен пауза болуп калды. Ортодо тендерге катышып, утулуп калган экинчи компания «Билайн» кызыгып жатат. Кийин балким алар менен иш башташыбыз ыктымал.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Ошондон кийин кыргыз өкмөтү «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев (Эрназар Иманкадыр уулунун атасы – ред.) премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастаган. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт башчы аталган «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары болуп иштегени тууралуу кабары болбогонун, ал (Эрназар- ред.) кызматтан кетиши керек деп эсептей турганын билдирген.

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген. Каржы тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. Дагы бир мамлекеттик компания – «Альфа-Телеком» жыштыкты бирге пайдалануу шарты менен «КТ Мобайл» компаниясын 345 млн. сомго каржылаган. Бирок кийин «Альфа-Телеком» укуктук маселелердин чыгышына байланыштуу былтыр «КТ Мобайл» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууга ниеттенип жатканын жарыялаган.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. Адилет Султаналиевдин айтымында, Абылгазиев айлык өлчөмүнө байланышкан маселени да текшерүүнү тапшырды. (КЕ/ErN)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG