Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 10:32

Тоңдо айрым тургундар Мусакеевди колдоп чыгышты


Тоңдогу тынч жыйын. 16-май. 2019-жыл.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 200дөй киши тынчтык акциясына чыкты. Алар Балыкчыдан чек арага чейинки, Ысык-Көлдүн тескейиндеги жолдорду оңдоо, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди каралоону токтотуу сыяктуу талаптарды айтып жатышат. Көчөгө чыккандар колуна «Бийлик, элди экиге бөлбө», «Элди толкутпа» жана «Мусакеевден колуңду тарт!» деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп алышкан.

8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Дамир Мусакеев муну куру доомат деп, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн. (КЕ/AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG