Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Америкалык конгрессмендер Анкарага эскертүү беришти


АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

АКШ Конгрессиндеги айрым демократтар менен республикачылар Түркияны Орусиядан С-400 ракетадан коргонуу комплексин сатып алуу планынан баш тартууга чакырышты.

Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетининин жетекчиси Элиот Энгел жана комитеттин мүчөсү Майкл Маккол 15-майда жарыяланган билдирүүдө түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды НАТОнун маанилүү мүчөсү болуп саналган Түркиянын «багытын буруп бара жатат» деп сындап, анын кесепети оор болоорун эскертишти.

«Владимир Путинге жагынуу алгылыксыз. Эгер Эрдоган Орусиянын С-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алса, анда АКШнын Конгресси жөн турбайт», - деп белгиледи конгрессмен Маккол.

Өкүлдөр палатасынын Сот иштери боюнча комитетинин башчысы Жеррод Надлер түрк лидери Эрдоган Путинге ыктоо менен «өз элинин укуктарын басмырлап жатканын» айтты.

Түндүк-Атлантикалык Аскердик Альянстын (НАТО) АКШ баштаган мүчөлөрү Орусиянын С-400 комплекси НАТОнун системасына туура келбей тургандыгын, бул курал америкалык F-35 аскердик учактарына коркунуч жаратаарын билдирип келет.

Бирок түрк тарап Орусиядан курал сатып алуу Түркиянын өз алдынча чечими экенин, бул боюнча келишим эбак макулдашылганын белгилеп, Батыш өлкөлөрүнүн дооматтарын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG