Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Нур-Султанда көп балалуу энелер кайрадан көчөгө чыгышты


Нур-Султандын акимчилигинин алдына чогулган энелер. 16-май, 2019-жыл.
Нур-Султандын акимчилигинин алдына чогулган энелер. 16-май, 2019-жыл.

16-майда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда 40ка жакын аял кайрадан үй жана жөлөкпул берүүнү талап кылып нааразылык акциясына чыкты. Алардын арасында көп балалуу энелер, жалгыз бой аялдар жана майып балдарды багып жаткан келиндер да бар.

Алгач шаардын акимчилигине чогулган энелер алар менен жолугууга аким да, орун басарлары да чыкпаган соң экономикалык форум өтүп жаткан Конгресс борборуна барышты. Бул форумга Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев катышып жаткан.

Имараттын алдында энелер талаптарын кайталап, 20 мүнөттөй тургандан кийин Нур-Султан шаарынын акими Бакыт Султанов менен эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыгып, алардын арыз-муңун угушту.

Казакстанда көп балалуу энелер февраль айынан бери баш калаа Нур-Султанда жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштуруп келатышат. Алар жөлөкпулду көбөйтүү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан. Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Нур-Султанда жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG