Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын курамы бекиди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттеги КСДП жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын чечимдеринин негизинде «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамы тандалды. Комиссиянын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалды. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов маалымдады.

Бул комиссия бир ай ичинде депутаттарды өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш. 17-майда комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Депутаттык комиссиянын курамына эркин депутат Жанарбек Акаев, КСДП фракциясынан Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков кирген. Ал эми «Республика – Ата Журт» фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, «Кыргызстан» фракциясынан Алмаз Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» фракциясынан Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. 16-майда «КТ Мобайл» ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG