Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 18:58

Олигарх Коломойский Украинага кайтты


Украиналык олигарх Игорь Коломойский.

Дээрлик эки жылдан бери бозгунда жүргөн олигарх Игорь Коломойский Украинага кайты. Ал отурган учак 16-майда өлкө чыгышындагы Днепр шаарына конгонун «Азаттыктын» украин кызматы жана Украинанын «Биринчи телеканалы» өз булактарына таянып кабарлашты.

Жашыруун булактардын айтымында, украиналык олигарх жеке менчик учак менен Тел-Авивден учуп чыккан.

Украинадагы эң бай адамдардын бири деп эсептелген мурдагы аймак губернатору Коломойский кызматтан кетип жаткан президент Петро Порошенко менен көп жылдан бери каршылашып келет.

Ал Украинада 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда актер Владимир Зеленский жеңип чыккандан кийин артка кайтып жатат.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн убагында Петро Порошенко Зеленскийди олигарх Коломойскийдин «кол баласы» катары мүнөздөгөн. 20-майда президенттик кызматка кирише турган Зеленский мындай дооматтарды четке кагып келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG