Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:24

Бакыт Төрөбаев партиялардын 9 пайыздык чегин төмөндөтүүнү сунуш кылды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Парламентте депутаттык мандат алууга катышуу үчүн саясий партиялар шайлоочулардын 9 пайызынын добушун алышы зарыл болгон чекти 5 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-майда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Эл өкүлү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун парламентке киргизгенин айтты.

- Мыйзам долбоору аркылуу 3-5 пайызга чейин шайлоочулардын добушуна ээ болгон саясий партияларга атайын квотаны - 5 депутаттык мандатты бекитип берүү сунушталууда. Чын-чынына келгенде шайлоочулардын 60-100 миӊ добушун алган партиялардын парламентке келбей калышы калыстыкка жатпайт, - деди Төрөбаев.

Анын айтымында, долбоордо парламенттик шайлоолордо административдик ресурстардын пайдаланылышына бөгөт коюунун механизмдери да сунушталууда. Анда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы жонунан 26 иш-чара жүргүзүшүнө тыюу салынган. Анын ичинде шайлоо өнөктүгүнүн учурунда эмгек акыны көтөрбөө, саясий партияларга акысыз бөлүнгөн телекөрсөтүү убактысынын 3/2 бөлүгүн теледебаттарга арноо сыяктуу жоболор камтылган.

Учурда президенттин жумушчу тобунан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү төрт депутаттык топ көздөп жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG