Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Таласта куураган туялар 20-сентябрга чейин калыбына келтирилет


Таласта тигилген туялардын бири.
Таласта тигилген туялардын бири.

Таластагы куурап калган туялар 20-сентябрга чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаар мэри Айдарбек Жузупбеков билдирди. Анын айтымында, учурда мэрия туяларды алып келген фирма менен макулдашууга кол койду.

- Азыр тендерден уткан фирма туяларды дарылап жатат. 20-сентябрга чейин айыкпагандардын ордуна жаңысын тиге турган болду. Польшадан болобу, каяктан алып келет - аны комиссия чечет. Балким жергиликтүү туялар тигилет, - деди Жузупбеков.

Талас шаарынын мэриясы 2018-жылы апрелде Польшадан эки миң көчөт сатып алган. Бул үчүн «Жерүй» кенинен түшкөн акчадан 4,5 млн. сомго жакын каражат сарпталган. «Смарагд» деп аталган ар бир көчөттүн баасы 2190 сомдон айланган. Учурда алардын дээрлик 90 пайызы куурап турат. Шаарды көрктөндүрүү аракетинде жарыяланган тендерде «Акн-Ал-Ас» аттуу фирма жеңүүчү болгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG