Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Жарандыгы талаш жараткан Десятников депутаттын жардамчысы болуп иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, орус жарандыгы бар экени айтылган Павел Десятников депутат Жумабек Салымбековдун жардамчысы катары иштеп жатат. Ал быйыл 4-апрелде мандатын тапшырган. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Десятников саламаттыгына байланыштуу арыз жазганын билдирген.

Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова анын орус жарандыгы бар экени тууралуу маалымат такталган эместигин айтты.

- Биздин депутаттар айлык албай иштешет. Жардамчыларын да өздөрү каржылашат. Биз аларды каттап, күбөлүк гана беребиз, - деди ал.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өз каалоосу менен мандатты тапшырган депутаттын жарандыгына байланыштуу маселе териштирилбейт.

Десятников «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. Анын алдында шаардык кеңештеги «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын да алганы аныкталып, 2018-жылдын декабрында мандаттан ажыратылган.

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП, «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» фракцияларында 45 депутат бар. Шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG