Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Компьютердик вирус аркылуу акча уурдагандар колго түштү


Шектүү адамдардын Европолдун Гаагадагы имаратында илинген сүрөттөрү. 16-май, 2019-жыл.
Шектүү адамдардын Европолдун Гаагадагы имаратында илинген сүрөттөрү. 16-май, 2019-жыл.

Евробиримдиктин полициясы зыяндуу компьютердик программаларды колдонуу менен түмөндөгөн адамдардын 100 миллион долларга чукул каражатын уурдаган эл аралык кылмыштуу түйүндүн тамыры кыркылганын билдирди.

Европолдун 16-майдагы билдирүүсүндө айтылгандай, европалык жана америкалык укук коргоо органдары кылмыштуу топту колго түшүрүш үчүн баш-аягы алты өлкөдө - АКШда, Болгарияда, Германияда, Грузияда, Молдовада жана Украинада иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Маалыматка ылайык, бул топ 41 миңден ашык адамдын компьютерлерине өз көзөмөлүн орнотуп, алардын банк эсептери тууралуу маалыматтарды топтоо үчүн «GozNym» аттуу вирусту колдонгон.

Кылмышкерлер мындай жол менен табылган каражаттын изин АКШ сыяктуу бир нече өлкөлөрдөгү мүчөлөрүнүн эсептери аркылуу жашырып кетип турушкан.

Уюшкан кылмыштуу топтун кеминде он мүчөсүнө АКШда «акча уурдоо», «мыйзамсыз жол менен табылган акчаны адалдоо» сыяктуу айыптар тагылып жатат. Ушундай эле айып коюлган беш орусиялык качып жүргөнү белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG