Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Ооганстан: аба соккусунан тогуз полиция мүрт кетти


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында “Талибан” менен кармаш учурунда жаңылыш урулган аба соккусунан кеминде тогуз полиция кызматкери, анын ичинде алардын башчысы да набыт болду.

Гилменд провинциясынын губернатору Мухаммед Ясин окуя иликтенип жатканын кабарлады.

Губернатордун өкүлү Омар Звактын айтымында, эл аралык коалициялык күчтөр аймакты “Талибандын” согушкерлеринен тазалоо боюнча операция учурунда абадан сокку урган.

"Талибан" бул соккунун артында АКШнын аскерлери турганын кабарлады.

НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясы да, АКШ аскерлери да окуя боюнча маалымат тарата элек.

“Талибан” Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад алар менен 18 жылдык согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатканына жана мусулмандардын ыйык орозо айына карабай чабуулдарын улантууда.

Ушул жумада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам берүү миссиясы мусулмандар үчүн ыйык орозо айында күчөгөн зордук-зомбулуктан карапайым адамдар жапа чегип жатканына «терең тынчсыздануусун» билдирди.

13-майда таратылган билдирүүдө миссия «Талибан» кыймылын «атайылап карапайым элди бутага алып жатат» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG