Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ысык-Көлдө окуучу кыздын төрөгөнүнө шектүү адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-класстагы кыздын төрөгөнүнө байланыштуу, бул ишке шектүү катары анын 20 жаштагы кошунасы кармалды.

Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Гүлбара Жаанбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында бала менен эненин абалы көзөмөлгө алынган. Кыздын мындан аркы билим алуусуна да көзөмөл кылынат.


Ал эми Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, төрөгөн кыз марттан бери мектепке келбей калган. Аталган министрликтин адиси Марат Үсөналиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, апасы кызынын буту сынып, Бишкекте дарыланып жатканын айтып, дарыгерден тактама кагаз алып бергенин кабарлады.

6-май күнү Жети-Өгүз районунда 8-класстын окуучусу эркек бала төрөгөнүн укук коргоочулар кабарлашкан.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG