Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Бишкектеги аллеяны китеп сатуучу жайга айландыруу сунушталды


Акын Шайлообек Дүйшеевдин китептери.
Акын Шайлообек Дүйшеевдин китептери.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев борбор калаанын чок ортосундагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын оң тарабындагы аллеяны кыргыз китептерин сата турган жайга айлантууну шаар бийлигинен өтүндү.

"Шаардын “Ала-Тоо” кинотеатрынын оң тарабындагы аллеяны кыргыз китептерин саткан жайга айлантса эмнеге болбосун? Азыр борбор шаардын чок ортосунда кыргыз китептерин саткан бир дагы дүкөн жок. Эгер сиздер, “Ала-Тоо” кинотеатрынын ушул жерин кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантууга чечим чыгарып берсеңиздер, ушу тапта кыргыз китептерин асфальтка коюп алып, көрүнгөн жерде сатып жүргөн китеп саткычтардын да, кыргыз жазуучуларынын да сообуна калат элеңиздер" деп белгилеген акын Бишкек мэри Азиз Суракматовго жана аппарат башчысы Балбак Түлөбаевге жазган кайрылуусунда.


Шайлообек Дүйшеев эгер аллея китеп сатылчу жерге берилсе, бара-бара ал жай китеп сатуучу эле эмес, кыргыз китептеринин тушоо кесе турган, кыргыз акын-жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуп турган маданий жайына да айланарына ишенич билдирген.

Эл акынынын бул сунушу социалдык тармактарда колдоого алынууда.
Бишкекте китеп саткан бир нече дүкөн бар. Кыргыз китептери негизинен "Нуска" дүкөнүндө сатылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG