Нурбек Мукамбектов кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиянын отурумунда “Кыргызтелеком” ишканасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.
Акматовдун сөзүнө караганда, Нурбек Мукамбетов коомчулукта "КТ Мобайл" ишканасынын жетекчилеринин айлыгы тууралуу талкуудан кийин кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.
Буга чейин "КТ Мобайл" компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан кеткен.
16-майда КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтөө үчүн 14 адамдан турган депутаттык комиссия түзүлүп, ага төрага катары Курманкул Зулушев бекитилген. Аталган комиссия бүгүн алгачкы жыйынын өткөрүп, "Мегаком", "КТ Мобайл", "Кыргызтелеком" ишканаларынын жетекчилеринин маалыматтарын укту. (ZKo)