Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

"Ачык саясат" гезитинин соту 26-майда уланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Ачык саясат" гезитинин соту 26-майда уланат. Октябрь райондук соту аталган басылмага карата парламент депутаты Кожобек Рыспаевдин доо арызын кароону 17-майда улантты. Бул күнкү жараянда доогер арызын жаңылап, жактоочусун алмаштыра турганын билдирди. Кийинки отурум 26-майга белгиленди.

"Ачык саясат" гезитинин редактору Назгүл Мамытованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, депутат басылмадан 1 млн. сом талап кылууда:


"Кожобек Рысбаев гезиттеги макала өзүнүн абийирине шек келтирди деп, 1 млн. сомдук айып талап кылып жатат. Башында 300 миң сом эле, бүгүн 1 млн. сомго чыкты", - деди Мамытова.

"Ачык саясат" гезити 2018-жылы августта "Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту" деген макала жарыялаган. Анда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG