Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Украинада парламенттик коалиция ыдырады


Украинанын парламенти.
Украинанын парламенти.

Бул тууралуу 17-майда Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий билдирди. Ага чейин парламенттеги экинчи ири фракциянын лидери Максим Бурбак анын "Элдик фронт" партиясы башкаруудагы “Европалык Украина” коалициясынан чыгып жатканын жарыялаган.

Коалиция жаңы шайланган президент Владимир Зеленскийдин ант берүү аземине үч күн калган кезде ыдырап отурат.

Конституцияга ылайык, парламент эми 30 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүүгө тийиш. Андай болбосо, президент мыйзам чыгаруучу органды таркатып жиберип эрте парламенттик шайлоо жарыялоого укуктуу.

Парламенттик шайлоо 27-октябрда өтүшү керек.

"Европалык Украина" коалициясы 2014-жылдын ноябрында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG