Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Президент Балыкчынын мэри тууралуу оюн айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарында Балыкчы шаарынын активи жана тургундары менен жолугушту. Президент суроолорго жооп берип жатып, Балыкчынын жаңы шайланган мэри боюнча пикирин билдирди. "Аны жергиликтүү эл өкүлдөрү мыйзамдуу шайлагандан кийин мыйзамга баш ийишибиз керек" деди президент:

-Мэр туура эмес шайланды деп жатасыңар. Бул - мыйзам. Эл шайлаган депутаттар шайлады. Эми ал мыйзамдуу иштеши керек, ким болбосун.

14-майда Балыкчы шаар мэрлигине шайлоо өтүп, анда 26 жаштагы “Замандаш” фракциясынын мүчөсү Марат Кудайбергенов Балыкчы шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 22 добушун алып, атаандашы Мирбек Шакировду жеңип, мэр болуп шайланган.

Кудайбергеновдун мэр болуп шайланышы бир топ сын пикирлер менен коштолгон. Кудайбергеновдун атасы жана бир туугандары шаардык кеңеште депутат болуп, "уулун шаар башчылыгына алып келди" деген ойлор айтылган.(AsM)

XS
SM
MD
LG