АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Хизер Уилсон Түркия Вашингтонду жана НАТОдогу өнөктөштөрүн кыжырланткан орусиялык С-400 ракеталык комплексин сатып алуу чечиминен «азыр да баш тартса боло турганын» билдирди.
16-майда Уилсон Анкара С-400 комплекси боюнча чечиминен баш тартабы деген суроого, «бул дагы да болсо ыктымал» деп жооп берди.
«Дипломаттар бул боюнча иштеп жатат» деген Хизер Уилсон Орусиянын ракетага каршы системасы менен F-35 истребителинин чогуу болушу жол берилгис деген мурдагы оюн кайталады.
Кошмо Штаттар Анкарадан Орусиянын ракетага каршы системасын сатып алуу келишиминен баш тартууну талап кылган. НАТО өлкөлөрү аны АКШда жасалган F-35 истребителдерине коркунуч катары эсептеген тынчсызданууларын билдирген.
Түркия – НАТОнун мүчөсү катары аталган истребителдерди жасоого катышып, бул үлгүдөгү жүздөй учакты сатып алууну мерчемдеп жатат.
Буга чейин АКШнын расмий адамдары эгер Анкара орусиялык зениттик-ракеталык комплексти сатып ала турган болсо, Түркияны F-35 аскер учагын жасоо ишине катыштырбай, Анкарага сатууга тыюу салынышы мүмкүн экенин эскерткен.
15-майда Конгресстеги эки партиянын депутаттары да Түркияны орусиялык ракетага каршы комплекстерди сатып алуу чечиминен баш тартууга чакырган.