Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

ИИМдин мурунку кызматкери коопсуздугуна кабатыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү токмоктогон облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отрядынын (Спецназ) мурунку кызматкери өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

"Мен ал балдарды мурда-кийин көргөн эмесмин жана жакшы тааныбайм. Мен тартылган видеонун Интернетке чыгып кетүүсү күтүүсүз болду. Бул боюнча өз коопсуздугумду ойлоп укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Учурда өзүм жана үй-бүлөм үчүн коркуп турам. Мамлекетте мыйзам иштесе, мага кол көтөргөндөр мыйзамдуу жазасын алышы керек деп эсептейм", – деди аты-жөнүн атагысы келбеген жабырлануучу.

Ал 1999-2005-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отрядында иштеген, Баткен согушунун ардагери.

Ардагерди белгисиз бирөөлөр сабаган окуя түшүрүлгөн тасма ушул жылдын 6-майында кечинде Жалал-Абад шаарында тартылган. Жабырлануучу аны сабагандар кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө сузактык “Чач” жана каракөлдүк “Жон” аттуу каймана аты бар адамдар экенин айтты. Бул тасма социалдык тармактар аркылуу тараган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя териштирилип жатканын "Азаттыкка" маалымдады. (RsK)

XS
SM
MD
LG