Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Даңазалуу архитектор Юймин Бэй 102 жашында дүйнө салды

Юймин Бэй
Юймин Бэй

Америкалык даңазалуу архитектор, бир катар белгилүү имараттардын автору Юймин Бэй 102 жашында дүйнө салды. Маркумдун эң белгилүү долбоору – Луврдын короосундагы пирамида.

Музейдин кире беришиндеги 20 метрлик айнек конструкция 1980-жылдардын экинчи жарымында Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Миттерандын демилгеси менен тургузулган. Пирамиданы француз коомчулугу көпкө чейин сындап келишкен. Бэй өзү аны эң татаал заказ деп баалаган.

Архитектор 1917-жылы кытайлык банкирдин үй-бүлөсүндө туулган. 18 жашында АКШга көчүп барып, Массачусетс технологиялык институтун, кийин Гарварддын алдындагы дизайнерлердин жогорку мектебин аяктаган.

1983-жылы Бэй архитектурадагы Нобель сыйлыгы деп аталган Притцкер сыйлыгын жеңген.

XS
SM
MD
LG