Тайвандын парламенти 16-майда бир жыныстагылардын бирге түтүн булатышына уруксат берди.
Кытай өз провинциясы деп эсептеген бул арал кумсалардын никесин мыйзамдаштырган Азиядагы биринчи аймак болуп калды.
Мыйзам долбоорун 66 депутат колдоду, 27 депутат каршы добуш берди. Документ президент Цай Инвень кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун мыйзамдаштыруу тууралуу талаш-тартыш Тайванда көптөн бери уланып келген. Айрым штаттарда кумсалардын никеси мыйзам түрүндө таанылган.
2017-жылы Тайвандын Жогорку соту никени – эркек менен аялдын үй-бүлө курушу деп аныктоо Конституцияга каршы келет деп тапкан жана парламентке абалды оңдоого эки жылдык убакыт берген.