Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Казакстанда активист Бейбарыс Толымбековду аскерге алып кетишти


Бейбарыс Толымбеков. Сүрөт Assem Zhapisheva аттуу колдонуучунун Twitter баракчасынан алынды.
Бейбарыс Толымбеков. Сүрөт Assem Zhapisheva аттуу колдонуучунун Twitter баракчасынан алынды.

Таза шайлоого үндөгөн баннер үчүн он беш күнгө камалып чыккан активист Бейбарыс Толымбековду 17-майда аскер комиссариатынан армияга алып кетти. Жергиликтүү Vlast сайтынын жазышынча, Толымбеков аны достору менен коштошууга мүмкүндүк бербей аскерге алып кетип жатканына нааразылыгын билдирген.

Ал арада социалдык тармактарда Бейбарыс Толымбековдун аскер формасын кийген видеосу тарады. Анда ал комиссиянын чечими жок эле, шашылыш аскерге жөнөтүп жатканын билдирген. Сөзүн айтып бүтө электе эле аны аскер формасын кийген адам жетелеп кеткенин көрүүгө болот.

Буга чейин активисттер Толымбеков жарандык жигердүү позициясы үчүн аскерде кысымга кабылышы мүмкүн экенин айтып жатышкан. Толымбеков өзү да коопсуздугу үчүн чочулап турганын билдирген.

Адам укугун коргоо боюнча казакстандык бюро жана баш кеңсеси Брюсселде орун алган Укук коргоо боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму 16-майда биргелешкен билдирүү таратып, 20 жаштагы Бейбарыс Толымбетовдун коопсуздугуна тынчсызданып жатышканын жазышкан.

Таза шайлоого үндөгөн баннер үчүн он беш күнгө камалган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков 6-майда эркиндикке чыгышкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG