Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:19

Сооронбай Жээнбеков казак президентин туулган күнү менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда телефон аркылуу Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев быйыл марттан бери Казакстанды башкарып келе жатат. Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев кызматынан кетерин жарыялагандан кийин мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын ошол кездеги спикери Токаевге өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG