Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Зариф Кытайды өзөктүк келишимди сактап калууга чакырды


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Бээжиндин аба бекетинде. 17-май, 2019-жыл
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Бээжиндин аба бекетинде. 17-май, 2019-жыл

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Кытайды, Орусияны жана башка өнөктөштөрдү 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калууга чакырды. Зариф бул тууралуу 17-майда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу үчүн Бээжинге келген учурда билдирди.

Кытай 2015-жылы Британия, Франция, Германия, Орусия жана АКШ менен бирге Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон. Ага ылайык, Иранга салынган санкциялар алынган.

Бирок былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирди.

Тегеран санкциялардын кайра жанданышын мыйзамсыз чечим деп эсептейт. Ушундан улам Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун жарыялаган.

Акыркы жумаларда Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалып турат. Келишимге кол койгон мамлекеттердин ичинен АКШдан башкасы аны сактап калуу керектигин билдирип келе жатат. “Эл аралык коомчулук азырынча билдирүү гана жасап, келишимди сактап кала элек” деди Жавад Зариф.

XS
SM
MD
LG