Линктер

дүйшөмбү, 20-май, 2019 Бишкек убактысы 06:27

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер бутун оорутуп алганы кабарланды


Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан дарыгер Ирина Цопова эки кабаттуу керебеттен түшүп келе жатып, бутун оорутуп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастап, дарыгер кыйноого кабылышы мүмкүн деген божомолдорду четке какты:

"Бутун кайрып алган күнү тергөө абагынын дарыгери келип, рентгенге тарткан. Сынбаптыр, бирок жарака кеткен экен. Гипс коюп, травматологдун жардамын алган. Врачтар аны ооруканага жаткырууга муктаждык жок дешти. 16-майда Кыйноого каршы улуттук борбордун адистери келип, Цоповага жолугушту. Аларга деле эч кандай арыз-муң айтып, даттанган жок", - деди Сабатарова.

Дарыгер Ирина Цопова кримтөбөл Азиз Батукаевдин "айыкпай турган ооруга чалдыкты" деген жалган диагноз менен түрмөдөн бошонуп кеткенине жол берүүгө шек саналып камакка алынган. Анын тергөө абагында жараат алганын укук коргоочулар кабарлап, "дарыгер кыйноого кабылышы ыктымалдыгын" айтышкан.


Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG