Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Чех жараны Донбасста согушканы үчүн соттолду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чехиянын Пардубице шаарынын соту 2015-жылы Украинанын чыгышында орусиялык жикчилдер тарабында согушкан чех армиясынын жоокери Эрик Эштага өкүм чыгарды. Ал үч жылга жаза мөөнөтүн артка жылдыруу менен соттолду. Башкача айтканда, төрт жыл ичинде ал мыйзам бузбаса, жазасын өтөөдөн бошотулат. Андан тышкары ал аскердик наамынан ажыратылды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2015-жылы жазында Эрик Эшта Украинанын чыгышына келип, орусиячыл жикчилдер өз алдынча жарыялап алган "Донецк элдик республикасынын" бөлүктөрүндө бир айдай кызмат өтөгөн. Ал курал кармап турган сүрөттөрүн «Фейсбук» баракчасына жарыялаган. Эрик Эштанын украин жоокерлери тарапка ок атууларга катышканы аныкталган.

XS
SM
MD
LG