Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Украина: эки министр кызматтан кетерин жарыялады


Павел Климкин
Павел Климкин

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин 17-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Ал өз чечимин быйыл Жогорку Радага боло турган парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Павел Климкин кызматтан кетип жатканы тууралуу билдирүүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

Ошондой эле 2014-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген Александр Турчинов да кызматтан кетти.

“Мени кызматка койгон президенттин ыйгарым укуктары аяктап жатканына байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы катары ыйгарым укуктарымды токтотуу маселесин карап көрүүнү сурайм” деп жазды Турчинов.

17-майда Украинада парламенттик коалиция ыдыраган. Ага чейин парламенттеги экинчи ири фракциянын лидери Максим Бурбак анын "Элдик фронт" партиясы башкаруудагы “Европалык Украина” коалициясынан чыгып жатканын жарыялаган.

Коалиция жаңы шайланган президент Владимир Зеленскийдин ант берүү аземине үч күн калган кезде ыдырап отурат.

Конституцияга ылайык, парламент эми 30 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүүгө тийиш. Андай болбосо, президент мыйзам чыгаруучу органды таркатып жиберип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялоого укуктуу.

Парламенттик шайлоо негизи быйыл 27-октябрда өтүшү керек.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.

XS
SM
MD
LG