Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Росстат: Орусиянын экономикасы солгундоодо


Москва.
Москва.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында Орусиянын экономикасында солгундоо байкалды. Орус өкмөтү буга кошумча нарк салыгы көбөйтүлгөнү негизги себеп болгонун айтып чыкты.

17-майда өлкөнүн статистика комитети баштапкы маалыматтарга таянып ички дүң өнүм былтыркы жылдын биринчи кварталына салыштырганда 0,5 пайызга гана өскөнүн билдирди.

Экономика министрлиги бул көрсөткүч 0,8 пайыз болот деп болжолдосо, Улуттук банк 1,5 пайыз болорун айткан.

Статистика комитетинин маалыматынан кийин өкмөт жыйынтык ушундай болорун билгенин, буга ички суроо-талаптын аздыгы жана салыктын 18 пайыздан 20га жогорулаганы себеп болгонун айтты.

Быйыл жыл башында Орусияда кошумча нарк салыгынын өлчөмү көбөйгөн. Бул үчүн өлкө башчысы Владимир Путиндин жана башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын дарегине сын айтылган.

Бийлик андай сынга жооп кайтарып, айыптоолор негизсиз экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG